• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан орус-казак чек арасы 1-октябрда ачылары жөнүндөгү маалыматты четке какты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. 1-октябрдан тартып Россиядагы өзбекстандык мигранттар Казакстан аймагы аркылуу мекенине кайта алат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин ыкчам штабы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай жарыяларды Россиядагы жүргүнчүлөрдү жеке автоунаалары менен ташууга кызыктар болгон айрым кишилер таратып жатканы айтылган.

Штаб мындай чагымга алдырбоону суранып, Россия менен Казакстандын чек арасы тараптар өзгөчө чечим кабыл алганга чейин жабык болорун белгилейт.

Билдирүүдө мекенине кайтууну каалаган өзбекстандык жарандар үчүн аба, темир жол жана автобус менен чартердик каттамдар уюштурулганы, билеттер онлайн режимде сатылып жатканы айтылат.

Расмий маалыматтар боюнча Россиядагы темир жол станцияларында 29-сентябрга карата өзбекстандык топтолгон кишилер жок. Станцияларга жакын жайгашкан лагерлер жабылган.

Пикир

Оставить комментарий