• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстан Орусиядан которулган акчанын көлөмү боюнча КМШда биринчи орунда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Өзбекстан Орусиядан акча которуу көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкы билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылдын үч кварталынын ичинде Орусиядан башка өлкөлөргө 9 миллиард 800 миллион доллар жөнөтүлгөн. Алардын дээрлик 3 миллиард 50 миллион доллары Өзбекстанга кеткен.

Ошол эле маалда Тажикстанга 1 миллиард 900 миллион доллар, Кыргызстанга 1 миллиард 700 миллион доллар жана Казакстанга 500 миллион доллар жөнөтүлгөн.

Буга чейин Өзбекстандын Борбордук банкы 2018-жылдын биринчи жарымында чет жактардан өлкөгө 2 миллиард 300 миллион доллар которулганын билдирген. Анда бул сумманын негизги бөлүгү Орусиядан, калганы Түркия, Казакстан, АКШ жана Түштүк Кореядан келгени айтылган.

Пикир

Оставить комментарий