• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан Орусиядан "Тигр" бронеавтомобилдерин сатып алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү Орусиядан брондолгон “Тигр” автоунааларын сатып алды. Бул тууралуу ТАСС Москвадагы көргөзмөгө катышып жаткан Өзбекстандын расмий делегациясындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Өзбекстан Москвадагы Эл аралык “Армия-2019” аскерий-техникалык көргөзмөсүнө катышууда.

Маалыматтарга караганда, “Тигр” автоунаалары Өзбекстандын атайын бөлүктөрүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан. Брондолгон корпусунда кошумча эшиктер, бардык терезелеринде коргоочу торлор, үстүндө инфракызыл прожектер орнотулган. Бул конфигурациядагы “Тигрда” 7,62 мм калибрлүү Калашников пулемету бар.

"Тигр" бронетехникаларын миллиардер Олег Дерипаскага таандык "Русские машины" холдинги өндүрөт. Бир автоунаанын баасы 160 000 миң доллар турат.

2015-жылы Кошмо Штаттар Өзбекстанга 150 миллион долларга бааланган 300дөй брондолгон аскер техникаларын берген.

Пикир

Оставить комментарий