• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Ошто мектеп курат

Билим 0

Бишкек, 29-июль /Кабар/. 28-июлда Бишкекте Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтү тарабынан Ошто кайтарымсыз түрдө мектеп куруу келишимине кол коюулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой документке Өзбекстандын элчиси менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри кол койгон.

Келишимдин максаты Ошто 630 балага ылайыкталган жалпы билим берүү мекемесин өзбек тараптын каражатына куруп, аны кайтарымсыз кыргыз тараптын менчигине өткөрүп берүүнү көздөйт.

“Аталган долбоор өз кезегинде эки өлкөнүн байыркы достук, тарыхый мамилесин арттырып, эки элдин ынтымагын, биримдигин жакшыртып, мындан ары маданий-гуманитардык мамилени бекемдейт”,-деп жазылат маалыматта.

Булак: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий