• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Паралимпиада оюндарында алгачкы медалын утту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Токиодогу Паралимпиада оюндарында өзбекстандык суучул Ислам Асланов 100 метрдик аралыкта жарышка катышып, коло медалды утуп алды.

25-августта Өзбекстандын Улуттук паралимпиадалык комитети бул өзбек курама командасынын Паралимпиада оюндарындагы алгачкы медалы экенин билдирди.

Токиодогу Паралимпиада оюндарына Өзбекстандан 48 спортчу спорттун 8 түрү боюнча катышууда.

2021-жылдын 24-августунан тартып 5-сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт. Ага 162 өлкөдөн 4400 спортчу катышууда. Арасында качкындар курама командалары да бар.

Пикир

Оставить комментарий