• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Өзбекстан Pfizer вакцинасынын балдарга арналган дозасынан алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Өзбекстан COVAX программасынын алкагында балдарга арналган COVID-19га каршы Pfizer вакцинасын алды. Аны Евробиримдик жана Швеция өкмөтү кайтарымсыз түрдө берген жана 5-11 жаштагы балдарга арналган.

Өзбекстан COVAX механизми аркылуу 201,6 миң доза алган.

Ушул тапта коронавируска каршы балдарга эмдөө Кытай, АКШ, Канада, Израиль, Европанын бир катар өлкөлөрүндө жана Латын Америка мамлекеттеринде жүргүзүлүп жатат.

Өзбекстан COVAX аркылуу жалпысынан 21, 2 миллион доза вакцина алды. Алардын ичинде AstraZeneca, Moderna, Pfizer жана Sinovac бар.

Пикир

Оставить комментарий