• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңештин экинчи жыйыны бүгүн, 18-декабрда, Ош шаарында өтөт. Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.

Пикир

Оставить комментарий