• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Президенти: “Борбор Азия – бир бүтүн организм”. Казакстанга иш сапары тууралуу...

Дүйнө 0

Ташкент, 23-март /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. "Жакынкы коңшулар менен байланыштарын бекемдөө Өзбекстандын тышкы саясатынын башкы багыттарынын бири", - деп билдирди Президент Шавкат Мирзиёев. Бул тууралуу кечээ Өзбекстан ТИМдин “Жахон” маалымат агенттиги маалымдады.

Шавкат Мирзиёевдин айтымында, бул табигый умтулуу Өзбекстандын туруктуу өнүгүүсү көбүнесе өлкөнүн аймактык саясатын туура түзүү даражасынан өз каранды экендигин айкын түшүнүүдөн келип чыккан. “Борбор Азия – бул кылымдар бою жалпы географиялык, экономикалык жана маданий мейкиндигине ээ болгон, бир бүтүн организм экендигин биз жакшы түшүнөбүз”,-деп белгиледи Өзбекстандын башчысы.

Президенттин пикиринде, аймактын жашоочуларын ойлондурган маселелерди бир дагы өлкө өз алдынча чече албайт. Анын ичинде “мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, транспорттук коммуникациялар, экология, суу ресурстарын сарамжалдуу жана адилет колдонуу маселелери” бар.

“Борбор Азияда сууга болгон курч көз карандылык дайыма сакталып турат. Ал эми азыркы глобалдык жылуулук, сууну керектөөнүн өсүш шарттарында бул көйгөй тереңдер гана барат. Бүгүн, биз биргеликте суунун ар бир тамчысын сактабасак, бул болочок муундун алдында жасаган кылмышыбызга айланат”, - деп билдирди Шавкат Мирзиёев.

“Бир дагы өлкө, жада калса эң мыкты суу сактоо технологияларын колдонуу менен бул маселени өз алдынча чече албайт. Бул маселеде биз Казакстан менен толук түшүнүшүп жана биргеликте бул багытта бирдиктүү стратегияны жүргүзүүнү, ушул маселелерди чечүүнү колдогон бирдиктүү эл аралык укуктук ченемдерди колдоону сунуштайбыз”, - деп белгиледи Өзбекстандын Президенти.

“Аймактын ири ресурстарга жана салыштырмалуу көптөгөн артыкчылыктарга ээ өлкөлөрү дагы аларды өз алдынча колдоно алышпайт. Өлкө өз алдынча дүйнөлүк рынокко энергоресурстарды, өзүнүн товарларын, коңшуларынан өтүп жеткире албайт. Ошондуктан, келишип, транспорттук агымды башкаруунун интеграцияланган бирдиктүү тутумун түзүү, бардыгыбыз үчүн утуштуу болгон жаңы транспорттук коридорлорду ачуу керек”, - деп баса белгиледи Ш.Мирзиёев.

Ал аймактык кызматташуу маселелерине токтолуп, Өзбекстандын бүгүнкү саясатын: “Курч маселелерден качпай, акылдуу компромисстерди издөө” катары аныктады.

Ошондой эле, Ш.Мирзиеев ар кандай ири аймактык транспорттук-коммуникациялык жана энергетикалык долбоорлор аймактын өлкөлөрүнүн өз ара жигердүү байланыштары жана алардын жогорку интеграциясы болбосо ишке ашпайт деп кошумчалады.

“Биргелешкен иш менен Борбор азия чындыгында, Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү бириктирген транспорттук коридорлордун кесилишине айланып бара жатат. Образдуу айтканда, бүгүн Улуу жибек жолу жаңы базада кайра калыптанып келе жатат. Биз кайрадан көп кылым баштагыдай, Евразия континентинин башкы транспорттук артериясынын жүрөгүндө турабыз”, - деп белгиледи Ш.Мирзиеев.

Өзбекстандын президенти Казакстанга расмий сапары менен келип, Астанада бир катар расмий жолугушууларды өткөрүүдө. Бул Шавкат Мирзиеевдин Өзбекстандын Президенти катары Казакстанга алгачкы расмий сапары.

Пикир

Оставить комментарий