• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ш. Мирзиёев президент А. Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кирип келген жаз жана жаңылануу Нооруз майрамына байланыштуу менин чын дилимден чыккан куттуктоомду жана каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз. Мааниси терең жана философияга бай байыркы жана керемет Нооруз майрамы Өзбекстан жана Кыргызстан элдеринин салттары менен маданий дөөлөттөрүнүн окшоштугун чагылдырат. Биздин элдер бул керемет майрамды улуу үмүттөр менен тосуп алып, жакшылык ниеттерин ушул күнгө байланыштырышат.

Бул майрам күндөрү Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы өз ара ишенимге жана урматтоо принциптерине негизделген чын ыкластуу коңшулук мамилелердин андан ары чыңдалышын жактайбыз.
Биргелешкен күч-аракеттер менен өзбек-кыргыз ортосундагы узак жана көп пландуу өнөктөштүктү биздин потенциалга ылайык бийиктикке көтөрө алабыз деп ишенем», - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык жана жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын дос элине тынчтык, андан аркы гүлдөп өсүүнү кааалады.

Пикир

Оставить комментарий