• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мирзиёев жарандарды милдеттүү түрдө эмдөө тууралуу мыйзамга кол койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.08.21./Кабар/. Өзбекстандын Эмгек кодексинин 113-беренесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, карантин жана инфекциялык оорулар коркунуч туудурган маалда эмдөөдөн баш тарткан кызматкер башкы мамлекеттик санитардык дарыгердин чечиминин негизинде ишке киргизилбейт.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 2-августта “Калктын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоого багытталган айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

“Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери инфекциялык оорулар жайылуу коркунучу жаралган учурда калкты эмдөө чечимин кабыл алышы мүмкүн.

Өзбекстан президенти кол койгон документти 27-июлда Олий Мажлистин мыйзам чыгаруучу палатасы кабыл алып, 31-июлда Сенат жактырган.

Пикир

Оставить комментарий