• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан президентинин Кыргызстанга болчу сапары жаңы тарых барагын ачат - Норов

Саясат 0


Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. "Өзбекстандын президентинин алдыда Кыргызстанга болчу сапары өзбек-кыргыз өз ара кызматташтыгынын тарыхында жаңы барак ачып, биздин боордош элдерибиздин көп кылымдык достук жана боордоштук байланыштарын бекемдөөгө кызмат кылат", - деди Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуусунда.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча расмий иш сапары менен Бишкекке келген.

Кыргызстан ТИМинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду.

Тараптар иш сапардын маанилүү бөлүгүн соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоого жумшоону макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий