• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстан Россия менен биргеликте кичи ГЭС курууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. «Өзбекгидроэнерго» компаниясы Россия менен кызматташтыкта Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычына кичи гидроэлектр станциясын (ГЭС) кура баштады.

Долбоордун жалпы баасы 21,3 миллион еврого бааланган. Андагы «Өзбекгидроэнергонун» үлүшү 3,7 миллион еврону түзөт.

Курулуш долбоорунун башкы аткаруучусу катары Россиянын «Силовые машины – ЗТЛ, ЛМЗ, Электросила, Энергомашэкспорт» компаниясы тандалып алынган.

ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 10,7 МВт түзөт. Ага ар бири 5,35 МВт кубаттуулуктагы эки гидроагрегат орнотуу пландалган. ГЭС жылына 41,1 млн кВт саат электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий