• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан Россиядагы жарандарын алып келүү үчүн декабрда сегиз темир жол каттамын уюштурат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. "Өзбекстан темир жолдору" Россиядагы өзбек жарандарын мекенине алып келүү үчүн декабрь айында кошумча сегиз темир жол каттамын аткарат. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, алгачкы поезд Россиядан 4-декабрда жолго чыккан. Калган каттамдар "Волжский станциясы (Волгоград облусу) — Ташкент" багыты боюнча 6-10-13-17-20-24-27-декабрь күндөрү аткарылат.

Билеттер бир багытка — Россиядан Өзбекстанга гана сатылууда. Жүргүнчүлөр аларды "Өзбекстан темир жолдору" ишканасынын сайтынан электрондук түрдө да сатып алышса болот.

Пикир

Оставить комментарий