• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өзбекстан Россиядагы жарандарын поезд менен алып кетет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Өзбекстандын Чек ара комитети 13-июлда Россиянын Самара жана Оренбург облустарынан өзбекстандык жарандарды чыгарып кетерин кабарлады.

Алардын көбү – коронавирус эпидемиясына байланыштуу орус-казак чек арасынан өтө албай калган эмгек мигранттары.

Маалыматка караганда, "Өзбекстан темир жолдору" аларды алып кетүү үчүн Россияга үч жолу каттам жасайт.

14-июлда Өзбекстандын Казандагы консулдугу Оренбург жана Самара облустарындагы мигранттар атайын поезддер менен үйлөрүнө кайтарын "Коммерсантка" тастыктады. Өлкө бийлиги бул үчүн Россия жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Самара жана Оренбург облустарында өзбекстандык эки миңден ашуун мигрант ара жолдо калды. Алар эки аптадан ашык убакыттан бери талаа лагерлеринде жашап жатышат. Ал жерлерде шарт жок, мигранттардын акчасы түгөнүүдө.

Өзбекстан май айынын аягында Самара облусунан 1200 жаранын чыгарып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий