Өзбекстан Россиянын COVID-19га каршы вакцинасын биргелешип сыноого кызыкдар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Өзбекстан COVID-19га каршы Россия өндүргөн вакцинаны биргелешип сыноодон өткөрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Россиянын Роспотребнадзор мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, апта башында мекеменин өкүлдөрү коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү, анын ичинде COVID-19га каршы вакцина иштеп чыгуу маселелери боюнча Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук агенттигинин кызматкерлери менен видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрүшкөн.

Анын жүрүшүндө өзбек тарап өлкөгө Роспотребнадзордун эксперттерин жөнөткөндүгү жана COVID-19га каршы күрөшкө жардам бергендиги үчүн Россияга ыраазычылык билдирген.

Мындан тышкары тараптар Өзбекстандагы жана Россиядагы эпидемиологиялык абалды талкуулап, Россиянын «Вектор» аттуу мамлекеттик вирусология жана биотехнологиялар борбору иштеп чыккан вакцинаны сыноодон өткөрүү маселеси жөнүндө сүйлөштү.

Өзбекстан аталган вакцинаны биргелешип изилдөөгө жана каттоого алынгандан кийин аны колдонууга кызыкдар экенин билдирди.

Коронавируска каршы Россиянын эки компоненттүү вакцинасы 11-августта убактылуу каттоо күбөлүгүн алганы кабарланган.

Буга чейин өлкө президенти Владимир Путин вакцина сыноодон ийгиликтүү өткөнүн айтып, жакында массалык өндүрүш башталарын билдирген. Батыш өлкөлөрү бул вакцинага карата скептикалык көз караштарын билдирип келишет.

3-сентябрда Өзбекстан Бээжин расмий Ташкентти COVID-19га каршы кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычына катышууга чакырганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий