• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан Россиянын «Спутник V» вакцинасын каттайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 12.02.21. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүү боюнча атайын республикалык комиссия Өзбекстанда россиянын «Спутник V» вакцинасын каттоо жана аны ишке ашыруу боюнча иштерди баштоо тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу кечээ Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлигинын басма сөз кызматы билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык абал кызматынын маалыматы боюнча, вакцинаны каттоо 11-февралда башталды жана ал тездетилген режимде жүргүзүлөт, бул 15-20 күндү камтыйт. “Андан ары колдонууга мүмкүн болот”,-деп белгиледи ведомстводон.

Өзбекстан каттоону жүргүзүү үчүн россия вакцинасын иштеп чыгуучулардан зарыл документтерди, атап айтканда изилдөө жүргүзүү үчүн вакцинанын үчүнчү клиникалык сыноосунун жыйынтыгын алды.

Санэпидем кызматына калкты вакцинациялоонун тартибин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул процесс элдин өз эрки менен жана биринчи кезекте калктын төмөнкү тобунун арасында жүргүзүлүүсү керек: 65 жаштан ашкан кары-картаңдар, өнөкөт оорусу барлар, медицина кызматкерлери, мектепке чейинки, мектеп курагында билим берүү мекемелеринин жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин арасында, эл менен тыкыз байланышта болгон ички иштер органынын кызматкерлерине.

Эскерте кетсек, 10-февралда президент Шавкат Мирзиёев калкты COVID-19га каршы вакцинациялоону баштоону тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий