• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан: Сардобада дамба жырылгандан бери кургакчылык өкүм сүрүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Өзбекстандын Сардоба суу сактагычына жакын жайгашкан аймактарда техногендик ири кырсыктан кийин кургакчылык өкүм сүрүүдө.

Сырдарыялык дыйкан-фермерлер эгин талааларына жана жайыттарга суу жетпей жатканын билдиришүүдө. Сугат суу жоктугунан улам, айрымдары жерлерин иштеткен жок.

Өзбекстандын Суу чарба министрлиги кургакчылык жөнүндөгү маалыматтарды тастыктады. Бирок абал анчалык деңгээлде оор эмес экенин ырастоодо. Маалыматтарга караганда, Сардоба суу сактагычында бир миллиард куб метр суу болгон, кырсыктан кийин топтолгон суунун 40% агып кеткен.

Сардоба суу сактагычы 2018-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ал Өзбекстандын суу жетишсиздигинен улам өнүкпөй калган аймактарын суу ресурсу менен камсыздоого багытталган.

Суу сактагычтын дамбасы 1-майдын таңында жырылып кетип, Өзбекстандын жана коңшу Казакстандын бир нече районун суу каптаган. Бул аймактардан 70 миңге жакын тургун эвакуацияланып, алты киши мерт болгон.

Пикир

Оставить комментарий