• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан Сенаты БААЭК Институтун түзүү келишимин ратификациялады

Дүйнө 0

Ташкент, 30-март /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Өзбекстан парламентинин Сенаты (жогорку палатасы) кечээ кезектеги жыйынында “Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтыгы (БААЭК) Институтун түзүү келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзамды жактырды.

Келишимдин максаты – натыйжалуу аймактык кызматташуу үчүн билимдерди түзүү жана потенциалды өнүктүрүүнүн эсебинен БААЭК сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Келишим 2016-жылы 26-октябрда Исламабадда Афганистан, Азербайжан, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий