• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өзбекстан Швецияга Стокгольмдогу терактка шектүү тууралуу маалыматты берди – ТИМ

Дүйнө 0

Ташкент, 14-апрель /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Өзбекстан Швецияга Стокгольмдогу терактка шектүү Рахмат Акилов тууралуу маалыматты берди. Бул тууралуу бүгүн Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкентте өткөн Эл аралык пресс-клубдун биринчи жыйнында билдирди.

А.Камиловдун айтымында, Өзбекстандын укук коргоо органдары 7-апрелде Стокгольмдо теракт кылууга шектелип, Швейиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалган Рахмат Акимовго карата козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат.

Р.Акиловго карата “коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды жасоо жана жайылтуу, “диний жана чагымчыл уюмдарга катышуу”, андан тышкары “жашы жете электерди антисоциалдык аракеттерге тартуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Өзбекстандын ТИМ башчысы Акилов Самарканддан Стокгольмго барып, курулуш объектеринде иштеп жүргөнүн белгиледи. Чет өлкөдө жүргөн убагында ал “Ислам мамлекети” террористтик тобунун эмиссарлары тарабынан азгырылган.

“Алынган маалыматтарга караганда, мекендештерин Сирияда “Ислам мамлекети” тобунун тарабында согуштарга катышууга чакырган. Көп ирет интернет аркылуу террористтик мазмундагы видеолорду Өзбекстандагы өзүнүн жакындарына жана башка тааныштарына жөнөтүп, Өзбекстандын бийлик, башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы зордукчул аракеттерди жасоого үндөп келген”,-деди А.Камилов.

“Өзбек тарап мындан мурда швед тараптын маалымдуулугу үчүн батыштагы өнөктөштөрдүн бирине атайын кызматтар линиясы аркылуу Р.Акиловдун укукка каршы аракеттери тууралуу маалыматты берген”,-деди А.Камилов.

Өзбекстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы аталган факт терроризм жана экстремизм коркунучу глобалдуу мүнөздө экенинен кабар берет жана ага ылайык каршы туруу эл аралык координацияланган кеңири күчтөрдү талап кылат деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий