• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстан Сириядан 100гө чукул жаранын алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Өзбекстанда «Мехр-3» операциясынын алкагында Сириядан 25 аял жана 73 бала алынып келинди. Бул тууралуу 8-декабрда жергиликтүү басылмалар билдирди.

«Алар жакшы жабдылган медициналык мекемелерге жайгашырылды жана ысык тамак, кийим-кече менен камсыздалды. Адистер медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүшөт», - деп айтылат билдирүүлөрдө.

Өзбекстандын расмий органдары бул боюнча комментарий бере элек.

2019-жылы 30-майда Өзбекстан гуманитардык «Мехр» операциясынын алкагында Сириядан 156 аял менен балдары алып келген. Ошол эле жылы октярда экинчи операция жарыяланып, ата-энесиз калган 30 бала жана 25 кыз Өзбекстанга жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий