• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан: студенттер президенттин алдында «иш менен камсыз болгон» жаштардын ролун аткарышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.04.18 /Кабар/. 30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барып, «Зарбдор текстил» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бирок Зарбдар районунун тургундары жергиликтүү бийлик анда мамлекет башчы үчүн «шоу уюштурушканын» билдиришүүдө.

«Зарбдар районуна келгенде президентти алдып коюшту. Ал күнү текстил ишканасында иштеген кыздар чынында тигүүчүлөр эмес. Алар жергиликтүү колледждин студенттери. Президент болсо буга ишенип, жергиликтүү жаштар жумуш менен камсыз болуптур деген ойдо ыраазы болуп кетти», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик кыздарды «иш менен камсыз кылынган» жаштардын ролун аткартып, президент суроо берип калса деп аларга атайын даярдалган сөздөрдү жаттаттырган.

Райондогу бир катар колледждердин жетекчилери президент Шавкат Мирзиёев үчүн жергиликтүү бийлик «спектакль» уюштурганын ырасташты.

Жизак обладминистрациясынын аткаминерлери «Зарбдор текстил» ишканасы ишин баштаганын жана жыл соңуна чейин анда 1060 иш оруну түзүлө турганын билдиришти.

«30-мартта алгачкы бөлүмү ишин баштады. Апрелдин соңуна чейин 864 жумуш оруну түзүлсө, быйылкы жылдын төртүнчү кварталында дагы 196 киши иш менен камсыз болот. Президент бул тууралуу угуп өтө кубанды» – деди акимчиликте иштеген аткаминерлердин бири.

Пикир

Оставить комментарий