• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан суу каптоодон жабыр тарткан жарандар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Өзбекстан Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан жабыркаган үч районунда көп кабаттуу 50 үй курат. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Сырдарыя облустук акимчилиги үйлөрдү 2020-2021-жылдары Сардоба, Акалтын жана Мирзаабад райондорунда куруу пландалып жатканын билдирди. Жаңы батирлер суу каптоодон улам турак жайлары олуттуу зыянга учураган тургундарга бекер берилет.

Өзбекстанда суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Аны премьер-министр Абдулла Арипов жетектейт.

Комиссия кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган үй-бүлөлөргө акчалай жардам берүү үчүн Сырдарыя облусунун бюджетине 9,8 миллион доллар которуу чечимин кабыл алган.

Ушу тапта өлкөнүн Суу чарба жана курулуш министрлиги Сардоба суу сактагычын калыбына келтирүү жана суунун агымын токтотуу боюнча план иштеп чыгууда.

1-майдын таңында Өзбекстандын батышында жайгашкан Сардоба суу сактагычынын дамбасы жарылып, аймактагы бир нече айылды суу каптаган. 70 миңге жакын тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. Плотинадан чыккан суу коңшу Казакстандын аймагындагы турак жайларга, айдоо жерлерге каптаган.

Азырынча кырсыктын расмий себеби айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий