• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан тажик поезддерине жеңилдиктерди берүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Өзбекстан буга чейинки макулдашууларга ылайык, тажик жүргүнчүлөрүнө жана жүк поезддерине жеңилдиктерди берүүдө.

Тажикстан Транспорт министрлиги билдиргендей, 1-августтан тарта өзбек тарап тажик поезддерине Термез, Карши жана Самарканддагы темир жол станцияларында жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана алууга уруксат берген. Мындан тышкары аталган станциялардан Тажикстандан келе жаткан поезддер үчүн жүргүнчү билетин алууга болот.

Өзбекстан аймагында Душанбе-Москва-Душанбе, Куляб-Москва-Куляб жана Худжанд-Москва-Худжанд каттамы боюнча жүргөн тажик поезддерине билет алган жүргүнчүлөргө 25%, 20% и 10% жеңилдиктер сунушталууда.

«Өзбекстан темир жолдору» 2018-жылдын 15-августтунан тарта 31-декабрына чейин Келес-Кудукли, Кудукли-Келес, Кудукли-Каракалпакстан, Амузанг-Келес жана Амузанг-Каракалпакстан темир жол тилкелери аркылуу өткөн жүктөргө да жеңилдиктер берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий