• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан Тажикстанда медициналык борбор курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Өзбекстан Тажикстанда 200дөй адамга ылайыкташтырылган медициналык борбор курат.

Тажик өкмөтүндөгү өз булак кабарлагандай, борбор Хатлон облусунда салынат.

Макулдашууларга ылайык, тажик тарап медициналык борбордун курулушу үчүн жер тилкесин берүүгө, өзбек курулушчуларынын коопсуздугун камсыздоого милдеттүү. Өзбек бийлиги каражат жана жумуш күчү менен камсыздайт.

Буга чейин Тажикстан Самаркандда 640 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп салары маалымдалган. Тиешелүү буйрукка тажик президенти Эмомали Рахмон быйыл мартта кол койгон. Курулуш бүткөндөн кийин объект Самарканд администрациясына өткөрүлүп берилет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий