• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстан Тажикстандын түштүгүнө оорукана курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Жаңы объект Хатлон облусуна караштуу Кубодиён районундагы медициналык борбордун базасында курулат. Жергиликтүү басылмалар тажик өкмөтүндөгү өз булактарына таянуу менен оорукананын курулушун «Узбекнефтегаз» компаниясы каржылай турганын жазышты.

Ал жерде орнотула турган жабдуулар кыска мөөнөттө адамдан коронавирус инфекциясын аныктап, аны ыкчам түрдө аймактын же борбордун ооруканаларына жөнөтүлүшүнө шарт түзөт.

Кубодиён районунда медициналык комплекстин курулушу 2018-жылдын биринчи жарымында башталган. План боюнча объект жаздан тартып бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Борбордун курулушу жөнүндөгү макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылы мартта Душанбедеги сапары учурунда кол коюлган.

2020-жылы май айында Өзбекстан Тажикстанга дарыгерлер тобун жана гуманитардык жүк жөнөткөн.

Бул арада Ташкент Кыргызстанга да COVID-19га каршы күрөшүү үчүн үч модулдук оорукана куруп берген.

Пикир

Оставить комментарий