• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Тажикстанга барчу темир жолду калыбына келтирет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Өзбекстан Тажикстанга бара турган темир жолду калыбына келтире баштады. Бул тууралуу тажик ММКлары кабарлашты.

Тажикстандын Хотлон облусуна бара турган темир жол он беш жыл мурда бузулган.

Маалыматка караганда, темир жолду калыбына келтирүү иштери жакынкы күндөрү аяктап, поезддер марттын биринчи жарымынан тарта жүрө баштайт.

Ал күндөргө Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга мамлекеттик сапары белгиленген.

Ошондой эле Ташкент-Душанбе жүргүнчү темир жол каттамдарын ачуу пландалууда.

Буга чейин эки өлкө өкүлдөрү Орусияга Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанды айланып өтчү темир жол байланышын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканы кабарланган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий