• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан Термездеги объектилери Афганистан тараптан аткыланганын четке какты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Термез районундагы өзбек аскерлери Афганистан тараптан аткыланганы тууралуу айрым Teлеграм-каналдарда жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Ал Телеграм-каналына: "Өзбекстандын Коргоо министрлиги менен Чек ара аскерлигинин маалыматына караганда, өзбек-афган чек чарасында согуштук аракеттер жок, абал туруктуу", — деп жазды. Аткаминер калкты чагымга алдырбоого үндөдү.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги да Термездеги аскердик объектилер Афганистан аймагынан ракетадан аткыланып жатканы жөнүндө маалыматтар жалган экенин тастыктады.

Министрликтин маалыматына караганда, өзбек-афган чек арасы толугу менен өзбек аскерлеринин көзөмөлүндө.

Термездеги өзбек объектилери ИМ тобунун чабуулуна кабылганы жөнүндө маалыматтар буга чейин "Милитарист" жана "Военный обозреватель" Телеграм-каналдарында жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий