• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Өзбекстан ТИМи: Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо боюнча рейддер өтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Өзбекстан ТИМи Түркияда жашаган өзбекстандыктарга кайрылып, түрк укук коргоо органдары өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо операциясын жүргүзүп жатканын эскертти.

3-сентярда жарыяланган билдирүүдө учурда Стамбулда коопсуздукту камсыздоо үчүн коомдук жайларда Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктап, депортациялоо үчүн ырааттуу түрдө рейддер өткөрүлүп жатканы айтылат.

Түрк адистеринин ырасташынча, чет өлкөлүк жарандардын көбү жашап турууга (ikаmеt izni) жана иштөөгө урусат (çalişma izni) берген документтердин айырмасын билишпейт.

"Мыйзам боюнча эгер өлкөдө жашап турууга укугу бар чет өлкөлүк жаран жумушка орношкусу келсе, иштөөгө уруксат берген документ дагы алышы керек. Болбосо ал мыйзам бузган болуп эсептелет жана ага карата тиешелүү чара колдонулат ", деп айтылат билдирүүдө.

2018-жылдын октябрынан тарта Өзбекстан жарандары Түркияда 90 күн визасыз жүрүүгө укук алышкан. Өзбекстан ТИМи бул мөөнөт жашап туруу же иштөө үчүн документ топтоого жетиштүү деп эсептейт.

Пикир

Оставить комментарий