• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан УККсы Мамлекеттик коопсуздук кызмат болуп өзгөрдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. 14-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Улуттук коопсуздук кызматынын ишин реформалоо тууралуу» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, мекеменин аталышы Мамлекеттик коопсуздук кызматы болуп өзгөртүлдү.

Документте атайын кызматтын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар катары мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо, өлкө кызыкчылыгын ички жана тышкы коркунучтардан коргоо, чалгындоо жана контрчалгындоо ишмердүүлүгүн жүргүзүү, мамлекеттик чек араны кайтаруу, терроризмге, уюшкан кылмыштуу топторго жана жемкорлукка каршы күрөшүү иштери көрсөтүлгөн.

31-январда Шавкат Мирзиёев атайын кызматты 23 жыл башкарган генерал Рустам Иноятовду отставкага кетирген. Анын ордуна буга чейин башкы прокурор болуп иштеген Ихтиер Абдуллаев дайындалган.

Жыл башында Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматын катуу сынга алып, анын ишмердүүлүгүн 1937-жылдагы репрессияларга салыштырган. Бүгүнкү күнгө карата өзбек атайын кызматынын жогорку кызматтагы офицерлеринин көбү иштен алынган же камалган.

Пикир

Оставить комментарий