• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Улуттук агенттиги казак тилиндеги версиясын ишке киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Өзбекстан Улуттук маалымат агенттиги (УзА) 13-апрелден тарта сайттын казак тилиндеги версиясын ишке киргизди.

Буга чейин агенттик жаңылыктарды өзбек, орус, англис, француз, немис, испан, араб жана кытай тилдеринде таратып келген.

УзА тараткан маалыматта “Өзбекстанда Казакстандын жылы жарыялангандыгына байланыштуу өлкөнүн расмий маалымат агенттиги биринчи жолу казак тилиндеги версиясын сунуштайт” деп айтылат.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Твиттерге бул “боордош эки элдин өз ара достук мамилесин жаңы деңгээлге көтөргөн Элбашы Нурсултан Назарбаев менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин аракетинин натыйжасында мүмкүн болгонун ” жазды.

Пикир

Оставить комментарий