• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан Улуттук банкынын кызматкерлери ири суммада акча уурдоого айыпталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Өзбекстан Улуттук банкынын Анжиян облустук филиалынын кызматкерлери кардарлардын эсебинен 759 миң доллар уурдашкан. Бул сотко чейинки териштирүү учурунда аныкталган.

Өзбекстан Башкы прокуратурасы билдиргендей, банк кызматкерлери башка жарандар менен кутумга барып, 10 кардардын эсебиндеги акчаларды башка эсептерге мыйзамсыз түрдө которушкан.

Аталган факт боюнча Өзбекстан Улуттук банкынын Анжиян облусутук филиалынын жооптуу кызматкерлерине жана алардын шериктерине карата кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий