• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан умраны жандандыруу боюнча Сауд Аравия менен сүйлөшүү жүргүздү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Пандемияга чейин кичи ажылык үчүн акча төлөп койгон өзбекстандыктар жакын арада умрага Мекке жана Мединага бара алышат.

Өзбекстан мусулмандарынын дин иштери башкармалыгы билдиргендей, муфтий Нуриддин Холикназаров жана Дин иштери боюнча комитеттин төрагасы Содикжон Ташбаев баштаган өзбек делегациясы 1-9-декабрда бул маселени чечүү үчүн Сауд Аравияга барып келген.

Сүйлөшүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Расмий кабарда жакын арада өзбекстандыктар кичи ажылыкка бара алары гана айтылган.

Соңку эки жылдан бери коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөдөгү бардык мусулмандар умра жана ажылык зыярат үчүн Сауд Аравияга бара албай жатышкан.

Пикир

Оставить комментарий