• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан виза мөөнөтү аяктаган афган жарандарын депортациялабайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Өзбекстандагы виза мөөнөтү аяктап калган афган качкындары депортацияланбайт. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы өлкөнүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, бул бүгүнкү күндө өзбек-афган чек арасы жөнөкөй жарандар үчүн жабык турганына байланыштуу. Мындан улам Өзбекстандын мыйзамдарын жана бул өлкөдө жүрүү эрежелерин бузбаган бардык чет өлкөлүктөрдүн виза мөөнөттөрү узартылууда.

Афганистандын жарандары виза мөөнөттөрүн узартуу үчүн Өзбекстанда жашаган жери боюнча миграциялык кызматтарга кайрылышы керек болот.

Буга чейин бир катар укук коргоо топтору Өзбекстан виза мөөнөтү аяктаган 70ке жакын оогандыкты депортациялашы мүмкүн деген тынчсызданууларын билдиришкен.

Өзбекстан ИИМинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө 13 658 афган жараны жашайт.

Пикир

Оставить комментарий