• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан өз товарларынын Тажикстанга экспорттолушун каржылайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.18 /Кабар/. Өзбекстандын Тышкы экономикалык ишмердүүлүк боюнча Улуттук банкы менен Тажикстандын «Амонатбонк» мамлекеттик сактык банкы соода иштерин каржылоо тармагында кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Макулдашууда Өзбекстандан Тажикстанга товарларды жана кызматтарды экспорттоого байланышкан бүтүмдөрдү каржылоо каралган. Анын алкагында өзбек товарлары менен түрдүү тармактардагы кызматтардын экспортун көбөйтүү максатында соода иштерин каржылоо долбоорлору ишке ашырылат.

Өзбек ММКлары кабарлашкандай, биринчи кезекте бул текстил индустриясына, курулуш материалдарын өндүрүүгө, тамак-аш өнөр жайына, ошондой эле электротехникалык, автоунаа жана химиялык тармактарга тийиштүү болот.

Андан тышкары эки банктын ортосунда корреспонденттик мамилелерди орнотуу тууралуу банктар аралык келишим түзүлдү. Ал тараптардын кызматташтыгын бекемдөөгө жана банктар аралык эсептөө системаларын жакшыртууга багытталган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапары 10-мартта аяктаган. Анын жыйынтыгында жалпысынан эки өлкөнүн түрдүү тармактар боюнча кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүүгө багытталган 25 документке кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий