• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстан Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан 156 жаранын кайтарып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Өзбекстан «Боорукерлик» деп аталган гуманитардык операциясынын алкагында Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан 156 жаранын мекенине кайтарып келди. Алардын көбүн аялдар менен кичинекей балдар түзөт.

«30-майда алар атайын авиакаттам менен Ташкентке жеткирилди. Адашып өлкөдөн чыгып кетип, башынан оор күндөрдү өткөргөн бул жарандарыбызга өкмөт тарабынан медициналык, психологиялык, материалдык жана моралдык жардамдар көрсөтүлөт», — деп жазылган расмий билдирүүдө.

Мындан тышкары алардын тынч жашоого кайтып, билим берүү жана башка социалдык программаларга жетиши үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлүп, турак-жай жана жумуш менен камсыз болушат.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан менен Тажикстан Жакынкы Чыгыштагы согуш жүрүп жаткан аймактардан өз жарандарын алып келишкен.

Казак бийлиги быйыл январда 47 жаранын, анын ичинде 30 бала менен 11 аялды мекенине кайтарып келген. Анда расмий Нур-Султан Сирияда дагы 300дөн ашык казакстандык калганын билдирген.

Быйыл 30-апрелде Тажикстандын бийлиги Ирактан Душанбеге 84 тажик баланы алып келген. Алар Иракка барып, «Ислам мамлекети» өңдүү экстремисттик топтордун катарына кошулуп кеткен тажик жарандарынын балдары. Алардын аталарынын көбү ИМ тобуна каршы жүргүзүлгөн операциялар маалында курман болуп, апалары террористтерге көмөктөшкөндүгү үчүн Иракта соттолуп кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий