• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан жана Россия биринчи мамлекеттер аралык автобус каттамын ишке киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.09.18 /Кабар/. Өзбекстан жана Россия биринчи мамлекеттер аралык Ташкент-Нижний Новгород маршруту боюнча автобус каттамын ишке киргизди. Podrobno.uz сайты кабарлагандай, бул маршрут боюнча каттармдарды өзбек тараптан Uzkaz Avto, орус тараптан "Панюшкин" компаниялары тейлешет.

Маршруттун каттамы 3 миң чакырымды түзөт, жолдун узундугу - 61 саат.

"Жол киренин баасы Ташкенттен Нижний Новгородго чейин 500 миң сум, Нижний Новгороддон Ташкентке чейин 6 миң рублду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мамлекеттер аралык автобустук каттамдарды ишке киргизүү керектиги тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев айтып чыккан. Ал бул тууралуу январь айында Казакстандын Самара-Шымкент унаа жолунда автобус күйүп, Өзбекстандын 52 жараны каза болгондо айткан.

Пикир

Оставить комментарий