• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан жана Тажикстан кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашат

Коом 0

Ташкент, 20-июнь /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Бүгүн, 20-июнда премьер-министрдин орун басары Улугбек Розукулов башында турган Өзбекстан делегациясы өзбек–тажик сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн Дүйшөмбү шаарына келди. Бул тууралуу Өзбекстан тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү соода-экономикалык, инвестициялык жана башка чөйрөдөгү кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашып, конкреттүү келишимдерди түзүшөт.

Өзбекстан жана Тажикстан ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда боло турган бизнес–форумдун жыйынтыгына өзгөчө көнүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий