• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстан жана Тажикстан төрт жаңы автобус каттамын ачууну пландап жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 19.03.18. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан менен Тажикстан бул жылы төрттөн кем эмес жаңы автобус каттамын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Өзбек автомобиль транспорту агенттигинин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Агенттиктин жетекчисинин орун басары Шаалим Шавахабов билдиргендей, бул жылы ар дайымкы жүрүп турган төрт жаңы автобус каттамын төмөнкү шаарлардын ортосунда ачуу пландалууда: Термез — Душанбе, Ташкент — Худжанд, Фергана — Худжанд, Самарканд — Пенджикент жана башка бир катар Өзбекстан менен Тажикстандандын шаарларын байланыштырып турган шаарлар ортосунда.

Агенттиктен билдиришкендей, бул Шавкат Мирзиеёдин Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашып жатат.

Пикир

Оставить комментарий