• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өзбекстан жараны Казакстандан башпаанек суроодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Каракалпакстандык Жумабай Сагидуллаев Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө жашап жүргөн оппозициячы бир тууганы Аман Сагидуллаевдин айынан аны куугунтукка алып жатканын билдирүүдө.

43 жаштагы Жумабай Сагидуллаев бир нече жыл мурда Каракалпакстан автономдуу республикасындагы чарбасын таштап, Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтууда.

"Мен мал багып, саясат менен ишим жок болчу. Күндөрдүн биринде райондук салык кызматына чакырып, салык төлөгөн эмессиң деп айыпташты. Мен карызым жок экенин айтып, бардык дүмүрчөктөрдү көрсөттүм. Андан кийин прокурорлук текшерүү болуп, ойго келбеген айыптоолорду коюп, сабашты. Жыйынтыгында мага ачык эле чет өлкөдө жашырынып жүргөн оппозициячыл бир тууганыма акча жөнөтүп жатканымды айтышты", – деди ал.

Жумабай Сагидуллаевдин айтымында, Өзбекстандын күч органдары анын жеке документтерин, малын жана жерин тартып алышкан. Ага камакка алынарда үй-бүлөсүн таштап Кыргызстанга качып кетүүгө туура келген.

"Кыргызстанда мага качкындар лагеринде жардам беришти, 2016-2017-жылдары ошол лагерде болдум. Жакында лагерь жабылып калып, Казакстанга өттүм. Бул жактан жардам сурап жатам. Азыр колумда аскердик билетимен башка документим жок", – деди ал.

Жумабай Сагидуллаев өзүн качкын деп атап, Казакстанда жашоону каалай турганын билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий