• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан жети өлкө менен аба байланышына киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Өзбекстан жети өлкө — Улуу Британия, Италия, Дания, Австрия, Австралия, Нидерланд жана Түштүк Африка Республикасы менен эл аралык аба каттамдарына киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу өлкөнүн Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссиясы билдирди.

Комиссия мындай чечимин аталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абал оор бойдон калып жатканы менен түшүндүрдү.

Өзбек өкмөтү 21-декабрда коронавирустун жаңы штаммы аныкталганына байланыштуу жогорудагы жети өлкөдөн тышкары Германия менен да аба байланышына чектөөлөрдү киргизген. Анын мөөнөтү 10-январда аяктады.

Чектөөлөргө ылайык, аталган мамлекеттердин жарандары жана акыркы 14 күндүн ичинде ал мамлекеттерде болгон башка өлкөлөрдүн жарандары Өзбекстандын аймагына кире алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий