• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстан жогорку окуу жайларына тапшыруунун жаңы тартибин бекитти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Быйыл Өзбекстанда абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алууда жаңы эрежелер киригизилет. Тиешелүү токтомго өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн тесттер июль-август айларында өтөт. Жыйынтыктар сынактын эртеси эле жарыяланат.

Мындан тышкары өзбекстандык абитуриенттер бир эле учурда дароо үч жогорку окуу жайына тапшырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документтер Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору же Интерактивдүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү бирдиктүү портал аркылуу кабыл алынат.

Жогорку окуу жайларына экинчи жолу же мектепти бүткөндөн кийинки жылдары тапшыргандар минималдык айлык акынын жарымын – дээрлик 12 доллар төлөшөт.

Жаңы токтомго ылайык, 2020-жылы өзбекстандык абитуриенттер мурдагыдай үч эмес беш сабактан тест тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий