• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан: Жогорку сот коргоого муктаж күбөлөрдүн бет түзүлүшүн өзгөртүүнү сунуштоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Өзбекстандын Жогорку Соту кылмыш иштеринде күбө катары өтүп жаткан адамдарды коргоо үчүн алардын бет түзүлүшү менен паспортторундагы маалыматтарды өзгөртүүнү сунуштоодо.

Жогорку сот «Жабырлануучуларды, күбөлөрдү жана кылмыш иштеринин башка катышуучуларын коргоо тууралуу» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документте олуттуу кылмыштар боюнча күбөлөрдү коргоо программасына киргизилген адамдардын бет түзүлүшүн өзгөртүү, паспорттогу маалыматтарын жаңыртуу, алардын турак-жайын коргоо, ошондой эле жашаган жана иштеген жерлерин алмаштыруу чаралары сунушталган.

Мыйзам долбоорунда күбөлөрдүн бет түзүлүшүн алардын макулдугу менен гана өзгөртүүгө уруксат бериле тургандыгы белгиленген. Күбөлөрдү коргоо программасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий