• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өзбекстан жыл ичинде Кыргызстанда 9 ишкана ачат

Экономика 0

Бишкек, 15.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Өзбекстан үстүбүздөгү жылдын ичинде Кыргызстандын бир нече шаарларында тогуз ишкана ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү бардык долбоолор боюнча келишимдерге кол коюлуп, аларды практикалык ишке ашыруу күтүүдө.

“Биздин колубузда кол коюлган тогуз келишим бар. Алардын экөө Ош шаарында оюн-зоок борборунун жана Бишкекте мектептердин курулушуна, жетөө жеңил унааларды, айыл чарба техникасын, ошондой эле автобустарды чогултуу боюнча биргелешкен ишканалар”, - деп билдирди Агенттиктин башчысынын орун басары.

Ал ушул баскычта долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бардык сүйлөшүүлөр аяктай турганын, аларды ишке ашыруу үчүн Кыргызстан тараптан укуктук шарттар зарылдыгын түшүндүрдү. Биринчи баскычында Агенттиктин директорунун орун басары, өзбек өндүрүүчүлөрдүн продукциялары экспорттолбой турганын айтты.

“Азырынча экспорт маселеси коюла элек. Кыргызстанда жасалган товарды таануу үчүн ЕАЭБдин регламенти боюнча анын түзүүчүлөрүнүн 50% биздин өлкөдө жасалган болушу керек. Азырынча биз бул локализациялоо деңгээлине жетише элекпиз. Ошого жараша башында автомобилдерди башка өлкөлөргө экспортсуз Кыргызстандын ичинде колдонуу үчүн бардык шарттар түзүлмөкчү”, - деп кошумчалады Шумкарбек Адилбек уулу.

Анын маалыматында, өзбек Artel Engineering жана кыргыз “Л.Т.Б” фирмасы Artel, то Perfect Plast Profil (ӨР) маркасындагы кир жуугуч машиналарды чогулта баштайт. Ошондой эле «Имзо ЛТД» (КР) желим жана алюминий профилдерди чыгаруу цехин курушат.

Мындан тышкары, “УзАвтоСаноат” КРда “АвтоОңдооЗавод» менен бирге айыл чарба техникасын жана автоприцептерди чогултуучу 2 ишкана ачышат. Ошондой эле өзбектердин “ДТ Техник” компаниясы КРнын “втоцентр Эстакада” менен бирге автобустарды чогултуу жана транспортторду тейлөө заводун ачышат. Ал эми “Автоцентр Эстакада” жана “Равон Моторс Тянь-Шань” компаниялары автомобилдерди жана дилердик борбор заводун ачууну келишишти.

Мындан тышкары, Artel Engineering фирмасы MediaPark ооюн-зоок борборун курушат. Бишкек, Ош, Кара-Балта шаарларында жаңы компаниялар ачылат.

Пикир

Оставить комментарий