• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстан жыл сайын Кыргызстандан 500 миң тонна картошка импорттоого даяр — Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Өзбекстан жыл сайын Кыргызстандан 500 миң тонна картошка импорттоого даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, өзбек адистери тамчылатып сугаруу системасын киргизүү менен ата мекендик дыйкандарга сугат системасына кирбеген жерлерди өздөштүрүү боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр. Мындай колдоо Кыргызстанда картошканын түшүмүн көбөйтүүгө жардам берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул маселе Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий