• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өзбекстанда 1-январдан тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берген виза жоюлат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Өзбекстанда 2019-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөгө чыгууга уруксат берген виза жоюлат. Бул тууралуу Kun.uz сайты Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

2019 жылдан тарта 10 жылдык мөөнөт менен эл аралык паспорт бериле баштайт.

Учурда Өзбекстанда жарандарга биометрикалык ички паспорттор берилет. Буга чейин башка мамлекетке барчу кишилер “өлкөдөн чыгуу визасын” алып, паспорттун бир барагына атайын стикер жабыштырылчу.

Пикир

Оставить комментарий