• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда 2021-жыл Жаштарды колдоо жана калктын саламаттыгын чыңдоо жылы деп жарыяланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.12.20./Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 29-декабрда элге жана Олий Мажлистин депутаттарына кайрылып, 2021-жылды Жаштарды колдоо жана калктын саламаттыгын чыңдоо жылы деп жарыялоону сунуштады.

Мамлекет башчынын айтымында, бул жылдын алкагында «Жаңы Өзбекстан мектеп босогосунан, билим берүү системасынан жана тарбиядан башталат» деген идеянын негизинде «масштабдуу реформалар жүргүзүлөт».

«Биз алдыбызга өлкөдө жаңы Ренессанстын пайдубалын түзүү деген бийик максатты койдук. Бул максат менен жаңы Хорезмдерди, Улугбектерди, Навиолерди жана Бабурларды тарбиялап өстүрүү үчүн тиешелүү чөйрөнү, шарттарды түзүп беришибиз керек», — деди Мирзиёев.

Президент ошондой эле 2021-жылы Өзбекстандын эгемендигинин 30 жылдыгы болорун эске салып, бул тарыхый дата өлкөдө «Биз эркин жана өнүккөн жаңы Өзбекстанда жашайбыз!» деген идеянын негизинде белгилене турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий