• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өзбекстанда 2021-жылдын июнуна чейин калктын 60%ы коронавируска каршы эмделет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Өзбекстанда 2021-жылдын июнь айына карата калктын 60%ынан ашыгын коронавируска каршы эмдөө пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык агенттигинин директорунун орун басары Ботиржон Курбанов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө эмдөөнү уюштуруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Азыр биз дүйнөдө ким алгачкылардан болуп вакцинасын каттайт, ким сата баштайт деп күтүп жатабыз. Вакцина аларыбыз менен эмдөө иштерин баштайбыз», — деди Курбанов.

Буга чейин Өзбекстандын инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов өлкө Кытайдын, Орусиянын, Европанын жана АКШнын вакциналарын сыноодон өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий