• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда 50 000 жана 100 000 сумдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.12.21./Кабар/. Өзбекстанда 22-декбардан баштап 50 000 жана 100 000 сумдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы билдирди.

Жаңы банкноттордо “Улуу жибек жолу” жана Сурхандарыя менен Хорезм облусундагы байыркы тарых белгиленген.

50 000 сумдук банкноттун көлөмү – 147 х 69 мм, 100 000 сумдук банкноттун көлөмү – 152 х 69 мм болот.

Борбордук банктын маалыматына караганда, жаңы банкноттор 2017 жана 2019- жылы чыккан ушундай эле номиналдагы эски банкноттор менен катар жүгүртүүдө болот.

Пикир

Оставить комментарий