• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өзбекстанда 50 миң сумдук акча пайда болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Кийинки жумадан тарта Өзбекстандын Борбордук банкы 50 миң сумдук банкнотту (12 АКШ доллары) жүгүртүүгө чыгарат. Жарым жылдан бери өлкөдө экинчи ирет жогорку номиналдагы акча пайдаланууга берилүүдө.

Ачык кызгылт түстөгү банкнотто Ташкентте учуп бара жаткан Зымырык куштун сүрөтү түшүрүлгөн.

Буга чейин Өзбекстанда эң ири банкнот 10 миң сум (2,5 доллардын тегереги) болгон, ал быйыл 10-мартта жүгүртүүгө киргизилген.

“Азаттыктын” өзбек кызматына Өзбекстандын Борбордук банкынан билдиришкендей, Эгемендүүлүк майрамынан кийин валюта курсун унификациялоо боюнча каржы реформалары уланат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий