• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өзбекстанда 50 жаштагы аял келини менен небересин өлтүрүүгө шектелүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Кашкадарыя облусунун Гузар районунун жашоочусу 26 жаштагы келинин жана эки жаштагы небересин өлтүрүү шеги менен кармалды. Аларга бир нече жолу бычак сайылган. Маркумдардын төшөккө оролгон сөөгү 2-августта табылды, шектүү ошол эле күнү кармалды.

Киши өлтүрүүгө үйдөгү жаңжал себеп болгон. Маркумдун туугандарынын айтымында, келин менен кайнененин пикири келишкен эмес.

Трагедия болгон күнү шектүү маале төрагасына кайрылып, келини менен небереси өлүп калганын билдирген. Тергөө учурунда ал киши өлтүргөнүн мойнуна алган.

Гузар райондук прокуратура кызматкери бул кабарды тастыктады, бирок кеңири маалымат берген жок.

Келини менен небересин өлтүрүүгө айыпталган аял райондук милиция бөлүмүнүн тергөө абагына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий